柯尔克孜族吧 关注:2,140贴子:22,352
  • 5回复贴,共1

玛纳斯史诗中有关阿尔泰人的描述

只看楼主收藏回复

"Манас" эпосунда Алтай тууралуу
Алтай (ал — рух, ыйык; тай — тоо)— Ыйык Тоо же Алтын-Тоо деген мааниде айтылат. «Манас» эпосунун бардык варианттарында салт боюнча сакталып келген эпикалык жердин аты. 1) Эпостогу эпикалык душман эл катары баяндалган калмактардын жери (мекени) катарыВалиханов жазып алган эпизоддун текстинде:
Алтай толгон көп калмакАралаша кономун,Каңгай толгон көп калмакБиргеле кономун (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),— деп эскерилет.
Эпостун толук варианттарында Жакып кырк үйлүү кыргыз менен А-га, калмактардын жерине сүрүлүп, ошол жерде Манас төрөлүп, чоңойгондугу өзүнчө салттык окуя болуп баяндалат. Ошондой эле «Чоң казат» (чоң чабуул) сыяктуу негизги согуштук окуяда калмактарга каршы уруштар А. чөйрөсүндө өткөндүгүн байкоого болот.
Тексттерде «Эртыш, Оркун — эки суу, калмактын жери мынабу» же «Алтай деген эл бар дейт Алты зубун калмактын, Жердеп турган жер бар дейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 183); «Жерибиз Алтай дээр экен, Алтайда кара калмагың Эң эле сонун эл экен» (Саякбай Каралаев, 1. 37), «Бирөөнү айда кара калмак — Алтайга» (Саякбай Каралаев, 1. 35),— деп эскерилет. Эпостун текстеринин мазмунунан А. мурда калмактардын мекени (Жуңгария) болгондугу тууралуу айтылып жаткандыгын байкоого болот. Тарыхый жактан алганда 13-к-дын 1-жарымында ойрот уруулары А,Каңгай (Батыш Монголияда) тоолорунун этектериндеги аймактарга ооп келишип, кыргыздардын чыгыш жагындагы коңшусу болуп калат. Моңголдор бул уруулар бирикмесиндеги элдерди «калмактар» (аралашма эл, аргын, куранды эл) деп аташкан. Ошол мезгилден бери «калмак» деген элдин аты (этникалык термин) кеңири чөйрөгө тарала баштаган. 15-кылымдын 2-жарымынан баштап ойрот-калмактар Орто Азия менен Казакстанды, Алты-Шаарды басып алуу үчүн жортуул жасап келген. Ошондуктан бул жерлерде жашаган элдердин (кыргыз, казак, өзбек, каракалпак жана башкалар) оозеки чыгармаларында «калмак» душман катары салттык түрдө айтылып келди. 2) Эпосто Жакыптын айдалып барып жашап турган жери катары да кеңири айтылат:
Алтайдын тоосун жакалапАнда алты зубун калмак бар,Калмактын калкын аркалап,Араң жүргөн буруттар (Сагымбай Орозбаков, 1. 174).Аты Жакып — түрүк деп,Ааламдан ашкан бай экен,Алтай жакта жүрүп — деп,Жери: Шыйкуу, СуушаңдаКалаасы Кара-Шаар болупЖердеген экен ошондо (Сагымбай Орозбаков, 1. 173).Арбын малым Алтайда,Канча малым Кан-Тоодо,Жылкымдын чети Шыйкууда,Конушум Кара-Шаарда (Сагымбай Орозбаков, 1. 74),— деп Жакып өзү жердеген аймактар жөнүндө баян кылат.
Бул конкреттүү топонимдер боюнча Жакыптын жердеген конуштары Теңир-Тоонун чыгыш бөлүгүндөгү аймактар экендиги ачык берилген, башкача айтканда Иртыштын жогорку агымынан чыгыш Түркстандын Кара-Шаар калаасына чейинки аймактарда жашагандыгын көрүүгө болот. Манастын туулган жери тууралуу:
Адамдын жетпес дабаасы,Алтайдын Салкын-СуундаАнда туулган неме дейт,Кыргыздын кыраан Манасы.Эртыштын суун жердеген,Эрегишкен адамдарЭгерде аны жеңбеген (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1790-инв., 360-б.).Өзү Алтайда туулду,Билсең кадыр түн келди.Бул Алтайдын түзүнөЧоң кемеге оюлсун,Уй менен төөң союлсун,Бул Манастын тоюндаКалбай баары тоюнсун (Саякбай Каралаев, 1. 155),— деп айтылат.
Алтай деген тарыхый топоним Түштүк Сибирдин батыш бөлүгү менен Батыш Моңголиядагы тоо системаларынын жалпысына колдонулган, өтө кеңири аймакты (чөлкөмдү) кучагына алган географиялык чөйрө болуп эсептелет. Азыркы түшүнүк боюнча А.— Алтай, түндүк-чыгыш Казакстан, Монголия жана Кытай аймактарын камтыган Азиядагы тоо системасы. Ал А. же Советтик А., Гоби А-ы жана Моңгол А-ы болуп бөлүнөт. 3) Казак элинин айрым уруулары мекендеген жер (ата журту) катары да «Алтайдагы казактан, Арбын барды бул тойго» (Сагымбай Орозбаков, 1. 44), «Камбардын уулу Айдаркан, Алтай казак калкынан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 200),— деп айтылат. Чыгыш Казакстан аймагы, 6. а. Иртыш дарыясынын боюндагы чөлкөм да А. аталары белгилүү. «Манас» эпосунда А. деген топоним кеңири аймакты кучагына алат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Алтайдан Жылдыз бөлүнүп, Агымы келип Ала-Тоо Тяншан тобу бөлүнүп» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 536-б.),— деп айтылат. Кыязы Иле дарыясынын күн чыгыш тарабы эле А. деп аталып жаткан сыяктуу:
Кужулдап кытай, калмагыКулжага жакын барганыТескей тоосу түгөнбөйАлтайга кирген учу бар.Күңгөй тоосу түгөнүпТалаа болгон тушу бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 280).
Мында Ала-Тоодон ары, чыгышта, Теңир-Тоо А. менен туташкандай сезилет.


IP属地:新疆1楼2014-01-25 15:13回复
    @阿曼1121


    IP属地:新疆2楼2014-01-25 15:54
    回复
      史诗中的玛纳斯就出生在阿尔泰山脉


      3楼2014-01-25 16:01
      收起回复